|
«CAMP Алатоо» коомдук фонду Биз кимбиз «CAMP Алатоо» – Швейцариялык өнүгүү жана кызматташтык башкармалыгы (Ш+КБ) тарабынан каржыланган Борбордук Азиялык тоолук өнөктөштүк программасынын (САМР) ишин улантуучу уюм катары 2005-жылы түзүлгөн коомдук фонд. «СAMP Алатоо» Кыргызстандын тоолуу аймактарын туруктуу негизде өнүктүрүүгө көмөктөшөт. «САМР Алатоо» Казахстанда жана Тажикстанда иштеп жаткан партнер уюмдар менен биргеликте 25 адамга жакын кызматкер ишке тартылган САМР тармагынын бөлүгүн түзөт. Биз эмнени каалайбыз Фонддун негизги максаты – дүйнөдөгү жана жергиликтүү мыкты иш тажрыйбаларын колдонуу, аларды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жана өнүктүрүүнүн натыйжасында, табигый ресурстарды туруктуу негизде рационалдуу пайдаланууда колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы айылдык калктын жашоо шарттарын жакшыртууга салым кошуу. Биз кантип иштейбиз «CAMP Алатоо» жергиликтүү, регионалдык жана эларалык партнерлукка негизделген өзара дисциплинардык жана көп тараптуу ишыкмасын (подход) колдонот. «CAMP Алатоо» калкка маалымат берүү деңгээлин жогорулатууга жана айылдык жашоочуларды, жергиликтүү мекемелерди жана партнерлук уюмдар менен эксперттерди ишке тартууга көбүрөөк көңүл буруу аркылуу новатордук, колдонулушу жөнөкөй болгон эффективдүү технологияларды иштеп чыгат, аларды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырат жана ишке киргизет. Биз эмне иш аткарабыз «CAMP Алатоо» аркылуу табигый ресурстарды туруктуу негизде рационалдуу пайдалануу багытында колдоо көрсөтүүнүн натыйжасында тоолуу аймактардагы айылдык калктын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшөт. • теориялык жана практикалык окууларды уюштуруунун натыйжасында өкмөттүк эмес уюмдардын (+ЭУ) потенциалын көтөрүү жана аларды институционалдык жактан өнүктүрүү |